Ушул тапта карантин зонасынын жаңы имаратын долбоорлоо иштери башталды.
Бул арада башка жабык мекемелерде коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча санитардык борборлорду түзүү пландалууда.
– Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Адилов COVID-борборлорун түзүү үчүн 300 миллион сум, 4 кычкылтек баллону, 60 даана пульсоксиметр жана өпкөнү жасалма желдетүүчү бир нече аппарат бөлүнгөнүн билдирди. Мындан тышкары донордук жана бюджеттик каражаттардын эсебинен COVID-19га каршы препараттар жана коронавирусту аныктоочу тесттер алынат. Таштүрмөнүн коменданты Абдурасул Мажидовго бул маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди, – деди ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкери.
Анын айтымында, абактарда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны көбөйүүдө.
“Таштүрмө” деген ат менен белгилүү Ташкент облусунун Зангиата районунун №1 тергөө абагына күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Сот жараяндары онлайн режимде өтүүдө. Объектини кайтарган Улуттук гвардиянын жана күзөт кызматынын жоокерлери, мындан тышкары 7 соттолуучу инфекция жуктуруп алуу шеги менен карантинге алынды.