Ссылки доступа

Түркмөнстанда диний ишениминен улам армияга баруудан баш тарткан бир туугандар соттолду


Бир тууган Эльдор (21 жашта) жана Санжарбек (25 жашта) Сабуровдор

Түркмөнстанда диний ишенимдеринен улам армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан эки бир тууган соттолду. Бул тууралуу «Иегово күбөлөрү» уюмунун басма сөз катчысы Жаррод Лопес «Азаттыктын» түркмөн кызматына билдирди.

Анын айтымында, түркмөн соту 6-августта 21 жаштагы Эльдор Субуров менен 25 жаштагы Санжарбек Сабуровду эки жылдан эрктеринен ажыраткан.

Диний уюмдун маалыматына караганда, Санжарбек Сабуров алгачкы жолу армияга 2016-жылы чакырылган. Анда ал колуна курал алып аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандыктан, эки жылга соттолгон. Иниси Эльдор да армияга баруудан баш тартып, эки жыл түзөтүү жумуштарын аткарууга милдеттендирилген.

«Бир тууган Сабуровдор «Иегово күбөлөрүнүн» буга чейин соттолгон мүчөлөрүндөй эле мамлекеттин алдындагы милдеттеринен баш тартышкан жок. Болгону аларга альтернативдүү жарандык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп жатышат. Бирок түркмөн бийлиги мындай шарт түзүп берүүдөн баш тартып, аларды түрмөгө камоодо», — деди Жаррод Лопес.

Анын айтымында, ушу тапта Түркмөнстанда диний көз карашына байланыштуу он жаран камакта отурат. Бирок айрым жергиликтүү эксперттер өлкөдө диний ишенимине байланыштуу камакка алынгандар кыйла көп экенин айтып келишет.

Ал ортодо «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Рейчел Денбер «түркмөн бийлиги бир тууган Сабуровдорго карата тагылган айыптарды чакыртып алып, аларды тез арада бошотушу керектигин» билдирди.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG