Ссылки доступа

Беларуста шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялар уланды


10-август күнү кечинде Минск шаарында президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип чыккан адамдар менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу уланды.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги (ИИМ) бул күнү кечинде шаарда нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири каза болгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Пушкин» метро станциясына жакын жерде акция катышуучуларынын бири милиция кызматкерлерин көздөй белгисиз жарылуучу нерсени ыргытууга аракет кылып, бирок ал өзүнүн колунда жарылып кеткен. Жыйынтыгында ал алган жараатынан дароо каза болгон.

Азырынча бул окуя боюнча көз карандысыз булактардын маалыматтары жок. Жергиликтүү басылмалар менен социалдык түйүн колдонуучулары дал «Пушкин» станциясынын жанында милиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызчу гранаталарды колдонгонун билдиришүүдө. Буга байланыштуу айрым интернет колдонуучулар акция катышуучусу милициянын ушундай гранатасынын жарылуусунан улам өлгөн болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып жатышат.

9-августта өткөн презденттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоочулардын 80,08% добушун алып, жеңишке жетти. Анын негизги атаандашы Светлана Тихановская 10,09% добуш алды. Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG