Ссылки доступа

Тажикстанда жоокердин өлүмү боюнча төрт киши кармалды


Архив сүрөт

Тажикстандын Коргоо министрлигинин 87740-аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү боюнча аны менен бирге кызмат өтөгөн төрт жигит кармалды.

22 жаштагы Рамазон Зоировдун сөөгү ата-энесине июль айынын аягында берилген. Аларга баласы кокустан өзүн-өзү атып алганын айтышкан. Бирок маркумдун туугандары буга ишенишкен эмес.

Хатлон гарнизонунун аскер прокуратурасы 11-августта төрт жоокердин кармалганын тастыктап, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнүн атаган жок. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, аскер тартибин бузууга айыпталышууда.

Кармалган төрт жоокердин күнөөсү аныкталса, 8 жылдан 12 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Маркумдун атасы Киёмиддин Зоировдун айтымында, армияда уулу кордук көргөн жана бул анын өлүмү менен аяктаган.

«Уулумду алып келишкенде сөөгү жуулганын, кепинделгенин, дароо көмүү керектигин айтышты. Бирок биз шектенип, сөөктү ачып, кайра жуудук. Ошондо ок далысына тийгенин көрдүк. Ал өзүн-өзү атпаганы анык», - деди Киёмиддин Зоиров.

Буга чейин Тажикстандын Коргоо министрлиги жоокердин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрөрүн билдирген.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG