Ведомствонун маалыматына караганда, өткөн бир суткада 44 кишинин вирус жуктуруп алганы аныкталган, бир адам өлгөн.
Тажикстанда 11-августка карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин жалпы саны 7871ди түздү, 6653 адам же бейтаптардын 84,5% айыкты.
Расмий маалымат боюнча өлкөдөгү 85 медициналык мекемеде коронавируска каршы 7 миң 500 дарыгер жана 25 миң орто звенодогу медициналык кызматкер иштеп жатат.
Бул арада америкалык Жонс Хопкинс университети 11-августта дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын саны 20 миллиондон ашканын жарыялады. Жалпысынан 727 миң адам көз жумду.