Ссылки доступа

Минск "жапырт башаламандыктардын координаторлору" кармалганын билдирди


Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги Минскте жапырт башаламандыктардын координаторлору кармалганын билдирди.

Милициянын версиясы боюнча кармалгандардын бири Минсктеги "Беларусь" мейманканасынын 17-кабатынан номер алып, ошол жерден нааразылыктарды координациялап турган.

БелТа ал үч кишини, алар болсо жүздөгөн адамды башкарып турганын маалымдады.

Беларуста ИИМ нааразылыкка катышкандарга акча тараткан киши кармалганын, анын рюкзагынан он миң доллардан ашык каражат табылганын билдирди.

Билдирүүдө кармоо учурунда ал укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, биринин мурдун сындырганы айтылат.

Мунун алдында мекеме чагымчылдар кармалганын, алардын арасында эки орус жараны — "Ачык Орусиянын" координаторлору Игорь Рогов менен Артём Важенков бар экенин маалымдаган. Кийинчерээк Беларустун Тергөө комитети жапырт башаламандыктарга катышуу айыбы менен аларга иш козгогон. “Ачык Орусия” Важенков менен Рогов шайлоого байкоочу катары келишкенин билдирүүдө. Алардын Беларуска болгон сапары жашыруун болгон эмес.

9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко добуштардын 80,2%, Тихановская 10% жакынын алганын БШК билдирген.

10-августтун кечинде Минск баштаган бир нече шаарларда шайлоонун мындай жыйынтыгына нааразылык билдирген адамдар кайрадан көчөгө чыгышкан. 11-августка караган түндө баш калаада милиция менен кагылышууда бир адамдын өмүрү кыйылган.

12-августта үч күндүк чектөөдөн кийин мобилдүү интернет кайра иштей баштаган. Минск чет өлкөлөрдөн киберчабуул болгонун билдирсе, эксперттер бийлик интернетти атайлап өчүрүп койгон деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG