Ссылки доступа

Өзбекстан 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөрдү жумшарта баштайт


15-августтан тартып Өзбекстандын бардык аймактарында күндүз автоунаалардын жүрүүсүнө, ошондой эле ички аба жана темир жол каттамдарына уруксат берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 12-августтагы видеоселектордук жыйында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, мындан тышкары санаторийлердин, мейманкалардын, музейлердин, балдар лагерлеринин, сулуулук салондорунун, чач тарачтардын жана үстү ачык коомдук тамактануу жайларынын ишине уруксат берилет.

Жарандар үйлөрүндө белгиленген талаптарды сактоо менен 30дан ашык эмес адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрсө болот.

17-августтан тартып аймактар ортосундагы автоунаа кыймылын жана коомдук транспорттордун (анын ичинде шаар четиндеги автобустардын) ишин калыбына келтирүү пландалууда.

20-августтан кийим-кече, курулуш материалдарын саткан базарлар, ири дүкөндөр, спорттук залдар, фитнес-клубдар жана бессейндер иштей баштайт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия карантиндик чектөөлөр жумшартылганга чейин санитардык талаптардын алкагында ар бир ишмердүүлүктүн түрү боюнча эрежелерди иштеп чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG