Буга чейинки декларацияларда аткаминерлер айлык акысын, кирешелерин, турак-жайларын, жер тилкелерин жана автоунааларын көрсөтүүгө милдеттү болчу.
Эми алардын киреше декларациясында илимий, чыгармачыл жана педагогикалык ишмердүүлүгүнөн, ошондой эле ижарага берилген мүлктөрдөн, айдоо жерден, банктагы аманатынан жана баалуу кагаздардан түшкөн кирешелери көрсөтүлүшү керек.
Мүлктөр тууралуу декларацияда аткаминер кыймылсыз мүлкү менен автоунааларынан тышкары малы, үй канатуулары, баалуу таштары жана чогулткан акчасын көрсөтүшү керек болот.
Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер декларацияларды Салык кызматына жыл сайын 1-апрелге чейин тапшырышат. Мыйзамда декларация бербеген кызматкерлерди иштен кетирүү, мамлекеттик органдарга жумушка алуудан баш тартуу каралган.
Өлкөнүн Салык кодекси аткаминерлердин каалоосу жок анын декларацияларын жарыялоого тыюу салат.
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү максатында мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу декларациялары ачык жарыяланат.