Ссылки доступа

Беларустагы нааразылык учурунда түркмөнстандык жети жаран кармалды


Беларустагы нааразылык. Минск шаары, 12-август 2020-жыл

11-августта тергөө абагынан чыккан орусиялык журналист Семён Пегов камерада аны менен чогуу Кыргызстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн бир нече жараны отурганын билдирди.

Алар Пегов сыяктуу эле 10-августта Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы өткөн нааразылык акциялары учурунда кармалышкан.

Журналист жана WarGonzo каналынын автору Семён Пегов орусиялык ЖМКларга Беларустагы шайлоодон кийин жергиликтүү тергөө абактарындагы кырдаал жөнүндө буларды айтып берген:

- Башаламандык өкүм сүрүүдө. Тергөө абактары толуп калды. Жалпы тизме деген жок. Бул изоляторлордон кишилерди кантип табууну билбейсиң. Биз менен камерада Италия, Швейцария, Кыргызстан, Түркмөнстан жарандары отурду. Алар да тиешелүү жардам талап кылышууда», - деген журналист.

Бул арада «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы өз булактарына таянуу менен 11-августта Беларустун Ички жана Тышкы иштер министрликтери Түркмөнстанга кат жөнөтүп, жапырт нааразылык акциялары учурунда жети түркмөн студенти кармалганын кабарлады.

Буга байланыштуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинде дипломаттардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөн.

Түркмөнстан Беларустун катына жооп берип, күнөөлүүлөр Беларус Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышына каршы эмес экенин билдирген. Мындан тышкары Ашхабад студенттер тууралуу толук маалымат берүүнү, алар мамлекеттик программа боюнча билим алып келишсе да, окууларын токтотууну сураган.

«Түркмөнстан хроникасы» билдиргендей түркмөн тарап өз жарандарын тезинен экстрадициялоо жөнүндө үн каткан эмес.

Жекшембиден бери Беларуста президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Шайлоодо азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко 80% добуш алган.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов азырынча Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен куттуктай элек.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG