Ссылки доступа

COVID-19: Казакстанда бир суткада 517 жаңы учур катталды


Казакстанда акыркы бир суткада 517 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 13-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Чыгыш-Казакстан облусунда 85, Караганда облусунда 56, Алматы шаарында 52 жана Нур-Султанда 38 жаңы учур катталды.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирус жуктургундардын жалпы саны 101 372 кишини түздү. Бул тизмеге 1-августка чейин коронавирус козгогон пневмония учурлары киргизилген эмес.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча илдеттен 76 756 киши айыкты. Бул илдетке чалдыккандардын 75% ашыгын түзөт. Шаршемби күнгө карата Казакстанда каза болгондор 1 313 кишиге жетти. Бул тизмеге коронавирус аныкталып, бирок өлүмүнүн себеби башка оору көрсөтүлгөн жүздөгөн бейтап кирген эмес.

XS
SM
MD
LG