Ссылки доступа

Казакстанда карантин чаралары 17-августтан тартып жумшарат


Казакстан бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу июлдун башында жарыяланган карантин чараларын 17-августтан баштап жумшарата баштайт.

17-августтан баштап соода борборлору, соода үйлөрүндөгү бутиктер, жабык базарлар иштейт. Мындан тышкары сулуулук салондору, СПА борборлору, косметикалык кызмат көрөтүүчү жайлар алдын ала жазылуу аркылуу кардарларды кабал ала баштайт.

Бассейни жок финтес борборлору, мончолор жана сауналар мурдагыдан 50% азыраак кишилерди кабыл алуу шарты менен ачылат. Балдардын коррекция борборлору, билим берүү борборлору бир группада бештен киши кабыл алат. Бала бакчалардагы ар бир топто балдардын саны 15тен ашпоого тийиш. Тыштагы аттракциондорго да иштөөгө уруксат берилет. Эл беткап тагынып, аралыкты сакташы керек.

Ачык асманда машыгууга уруксат берилип, коомдук транспорттун иши жанданат.

Бар, кинотеатр, музей, бассейн, аквапарк жана диний жайлар жабык бойдон калат. Мурдагыдай эле жапырт иш-чараларды, анын ичинде көргөзмө-жарманке, форумдарды өткөрүүгө болбойт. Шаар аралык поезддердин каттамына киргизилген чектөө сакталат.

Өкмөт эпидемиологиялык жагдайды андан ары турукташтыруу үчүн демалыш күндөрү чектөө чаралары сакталарын маалымдады. Коомдук транспорт токтоп, соода борборлору жабылат. Бир гана азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалар ачык болот.

Казакстанда коронавирус жана пневмония менен ооругандар кескин көбөйгөнүнө байланыштуу 5-июлдан тартып экинчи жолу карантиндик чектөөлөр киргизилген. 14 күнгө киргизилген карантиндин мөөнөтү алгач 2-августка, андан кийин 17-августка чейин узартылган.

ДССУ 8-августтан баштап Казакстандагы коронавирус менен пневмониянын эсебин бирге жүрүзө баштады. Андагы маалыматка караганда, ушул тапта Казакстанда 117 104 адам илдетке чалдыгып, 1433ү кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG