Ссылки доступа

Тажикстанда гимндин автору коронавирустун кайтыш болду


Бейшембиде тажикстандык белгилүү акын жана журналист Гүлназар Келдиев 75 жаш курагында көз жумду. «Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, маркум коронавирус инфекциясын жугузуп алган деген шек менен Дүйшөмбүдөгү ооруканага жаткырылган.

Келдиев 1945-жылы Ленинабад облусундагы айылда туулган. 1966-жылы Тажик мамлекеттик университетиндеги тажик филологиясы факультетин аяктагандан кийин гезитте иштей баштаган. 1969-жылдан тартып ырларын чыгара баштаган. Кийин адабий журналда иштеп, СССР Жазуучулар бирикмесине кабыл алынган.

Келдиевдин ырлары башка тилдерде да чыгып жүрдү. Өзү орус акындарынын чыгармаларын тажик тилине которгон. Маркум беш жыл парламент депутаты болгон. Келдиев 1994-жылы бекитилген Тажикстан гимнинин сөздөрүн жазган.

XS
SM
MD
LG