Ссылки доступа

Тажикстанда 42 жаштагы киши 12 жаштагы кыз менен нике кыйган (видео)


Тажикстанда 46 жаштагы кишинин 12 жаштагы кызы менен нике кыйганын укук коргоо органдарына кабарлаган Душанбе шаарынын жашоочусу өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирди.

“Ал камалгандан кийин мени өлтүрөрүн айтып коркутту. Менин кандай абалда экенимди элестете албайыңар. Мен байкуш жана сабатсыз болсом да, өз канымды кордотуп койбойм», - деди 34 жаштагы келин.

Тажикстан Ички иштер министрлиги 5-августта Давлатманд Касиров аттуу 46 жаштагы киши 12 жаштагы кызды алдап, ата-энесине айтпай диний никеге турганын кабарлаган.

Касировго карата жашы жете элек балага уятсыз мамиле жасоо жана эки аял алуу айыбы менен кылмыш иши козголгон.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, ал мурун дагы ушундай аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Маалыматка караганда, 12 жаштагы кыз апасы менен бирге Давлатманд Касировго таандык батирде жашашкан. Апасы ишке кеткенде үй ээси секелекти алдап, нике кыйдырган. Төшөктө бирге жатуудан баш тартканы үчүн сабаган.

В Таджикистане 46-летний мужчина женился на 12-летней девочке
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Тажикстанда жергиликтүү укук коргоо уюмдары эне менен баланы адвокат менен камсыздады. Кызга психолог жардам көрсөтүүдө.

Тажикстанда жашы 18ден жогорулар гана никеге тура алат.

XS
SM
MD
LG