Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада коронавирус жана пневмониядан 31 киши өлдү


Казакстанда бир сутка ичинде анализдеринен коронавирус инфекциясы тастыкталган бейтаптардын ичинен 21, пневмония белгилери менен 10 киши кайтыш болду. Бул тууралуу 14-августта Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бейшембиде коронавирус тибиндеги пневмония 934 кишиден аныкталган. Август айынан бери 16 666 адамдын өпкөсү кагынып, андан 198и өлдү.

Расмий маалымат боюнча бир суткада 476 кишиден вирус аныкталды, 1877 киши айыкты. Эпидемия башталган март айынан бери 1 356 бейтап коронавирустан көз жумду.

ДССУ 8-августтан баштап Казакстандагы коронавирус менен пневмониянын эсебин бирге жүрүзө баштады. Андагы маалыматка караганда, ушул тапта Казакстанда 118 514 адам илдетке чалдыкты.

Күн мурун казак бийлиги 17-августтан тартып карантин чаралары жумшартыларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG