Ссылки доступа

Минскте таза шайлоону жактаган ири акция өттү


Минсктеги акция, 16-август.

Жекшембиде Минск шаарында он миңдеген киши президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы митингге чыкты. “Минск – баатыр шаар” стеласынын аймагына 200 миңдей адам чогулду. Бул тууралуу РБК менен Reuters билдирди.

Tut.By агенттиги “Эркиндик маршына” 60 миңден кем эмес киши катышканын жазды.

Беларустун башка шаарларында да оппозиция өкүлдөрү жүрүшкө чыгып, добуштарды кайра саноону жана күч колдонууну токтотууну талап кылышты. Бул арада Украина, Германия, Түштүк Корея, Мальта, Чехияда да беларустарга тилектештик билдирген акциялар болду.

Беларус ИИМинин башчысы Юрий Караев демонстранттарга кайрылып, 21 жыл мурун “Немига” метросунун жанында 53 кишинин өлүмү менен коштолгон жапырт мушташ кайталанып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Минскте түштөн кийин башталган бул акциядан эки саат мурда Эгемендик аянтында президент Александр Лукашенкону колдогон митинг уюштурулду. Беларустун Ички иштер министрлиги ага 65 миңдей адам катышканын маалымдады. Бирок бул акцияга башка аймактардан автобус менен адамдарды ташып келип жатышканын айгинелеген видеолор социалдык тармактарга тарап жатат.

Лукашенко Минскидеги өзүн колдогон акцияда “шайлоону бурмалады” деген айыптарды четке кагып, отставкага кетпей турганын белгиледи.

"Урматтуу достор, мен силерди "мени коргогула" деп чакырган жокмун. Албетте, ал жагдай деле бар. Силер чейрек кылым ичинде биринчи жолу өз өлкөңөрдү, эгемендигиңерди, үй-бүлөңөрдү, аялыңарды, эжелериңерди жана балдарыңарды коргоо үчүн бул жерге келдиңер", - деди Лукашенко.

9-августтан бери Беларуста токтобой жаткан нааразылык акцияларынын алгачкы төрт күнү милиция күч колдонуп, катышкандарды кармоо менен коштолгон. Беларустун Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияларда 7 миңдей адам кармалып, алардын бир бөлүгү коё берилди. Милициянын аракетинен улам кеминде эки демонстранттын өмүрү кыйылганы кабарланды. Күч кызматкерлери акыркы бир нече күнкү тынч акцияларга кийлигишкен жок.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG