Министрлик менен кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Xenophon Strategies PR-компаниясынын ортосунда 2020-жылдын апрель айында түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү «Озодликке» келип түштү. Ага ылайык, өзбек тарап америкалык компанияга 585 миң АКШ долларын төлөөгө макул болгон.
Келишим боюнча PR-компания Cotton Campaign коалициясынын акциясын токтотууга багытталган «маалыматтык колдоо кызматын» көрсөтөт. Акчанын негизги бөлүгү төлөнгөн.
Планга ылайык, жыл ичинде PR-компания стратегиялык план түзүп, экинчи айлампада аналитикалык материалдарды даярдап, атайын даярдалган веб-сайтка жайгаштырат. Ушул эле баскычта Өзбекстандын пахта тармагында мажбурланган эмгектин жоюлганын тастыктаган билдирүүлөр, фото-видеоматериалдар соцтармактарга жарыяланат. Үчүнчү айлампада компания батыштагы кадыр-барктуу басылмаларга бул көйгөйдү чечүүгө арналган ири макалаларды жарыялайт.
Эл аралык Cotton Campaign (Пахта кампаниясы) коалициясына эмгек жана укук коргоо уюмдары, инвесторлор, бизнес-уюмдар кирет. 2012-жылы балдар эмгегине каршы эл аралык уюмдар өзбек пахтасын колдонууга бойкот жарыялашкан. 2013-жылы октябрда өзбек пахтасын колдонууга каршы чыккан дүйнөлүк бренддердин саны 136га жеткен. Алардын арасында Nike, Zara, GAP, Levi's, H & M, UNIQLO жана башкалар бар.
Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери өзбек пахтасына жарыяланган бойкотту токтотуу негизги тапшырмалардын бири катары каралууда. Бул максатта расмий Ташкент «Cotton Campaign» коалициясынын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушуу өткөрдү. Бирок өзбек пахтасына жарыяланган бойкотту толугу менен жоюуга мүмкүн болгон жок.