Ссылки доступа

Бишкектеги мектептердин биринде «директордун тамак-ашы үчүн» акча чогултулганы аныкталды


Бишкек шаардык мэриясы №54 мектепте мыйзамыз акча чогутулганын аныктады. Муниципалитеттин маалымат кызматы бул боюнча окуучулардын ата-энелери арызданганын билдирди.

Шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы бул факт боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүүдө. «Директордун тамагы жана башка керектөөлөр үчүн» деп акча чогулткан мугалим жумуштан бошотулду. Мектеп директору И. А. Борисовага сөгүш жарыяланды. Ушул тапта билим берүү башкармалыгы директорду кызматтан алуу маселесин кароого ниеттенүүдө.

2019-жылы октябрда Билим берүү жана илим министрлиги административдик персоналга жана педагогикалык жамаатка ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйрук чыгарган.

Мектептердин өкүлдөрү каржы маселелерин кароодо камкордук кеңештеринин жана ата-энелер комитетинин ишине катышпайт.

Өлкөдө соңку жылдары ата-энелер мектептин ар кыл керектөөлөрү үчүн акча чогултууга нааразы болуп келишет. 2019-жылы 13-сентябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айлында 50дөн ашуун ата-эне митингге чыккан. Ушул эле жылы апрелде буга окшогон митинг Новопавловка айлында өткөн. Кийинчерээк алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшүп, мындан кийин мектеп директору алмашкан.

Видео

Видео

Баткен: кызына өнөрүн үйрөткөн азиз уста
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00
XS
SM
MD
LG