Ссылки доступа

Өзбекстан АЭС куруу боюнча Орусия менен келишим түзүүгө даяр эместигин билдирди


Өзбекстан энергетика министринин орун басары Шерзод Хожаев Ташкент азырынча Орусия менен атомдук электрстанцияны куруу келишимине кол коюга даяр эмес экенин билдирди.

Ал жергиликтүү ЖМКларга берген интервьюсунда: «Ооба, бул бизди канааттандырат деп айтуу үчүн бизге келишимди даярдоого көбүрөөк убакыт керек. Тилекке каршы, биз али даяр эмеспиз. Бир жагынан алганда процесстин создугуп жатканы жаман. Экинчи жагынан алганда ар бир сүйлөшүүдөн кийин өзбек тараптын шарттары жакшырууда. Кайсы бир учурда кечирээк болсо да, жакшы шарт болгону түзүк. Азыр дал ошондой учур», деди.

Министрдин орун басарынын айтымында, ушул тапта Өзбекстан менен Орусия долбоордун бардык параметрлерин талкуулап жатат.

2018-жылы 19-октябрда президент Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путин Жизак облустунда атомдук электрстанциянын курулушуна старт беришкен.

2019-жылы 3-сентябрда «Росатомдун» башчысы Алексей Лихачев курулуш 2020-жылы башталарын айткан.

Бирок ТАСС агенттиги станцияны курулушун 2022-жылы баштоо пландалып жатканын жазган.

Ушул тапта орусиялык «Атомстройэкспорт» компаниясы Өзбекстанда АЭС куруу үчүн инженердик-изилдөө жумуштарын жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG