Редакциянын кабарчысы билдиргендей, 10-августтан бери жергиликтүү бийлик «Ашхабаджылуулук» трестинин кызматкерлерин экинчи жолу медициналык кароодон өтүүгө мажбурлап жатат.
Бул үчүн медициналык кепилдиги бар жумушчулар 17 манат, (Борбордук Банктын курсу боюнча 4,8 манат), кепилдиги жоктор 33 манат (9,4 доллар) төлөшүүдө.
Бул арада 15-августта аймактардагы студенттерди Ашхабадга ташыган поезддер борбор калаага жетпей токтотулганы айтылууда. Жолдо студенттерди вагондордон түшүрүшүп, температураларын өлчөшүп, андан соң жатаканаларга эки жумалык карантинге алышкан.