«Биз жаңы Конституция кабыл алышыбыз керек. Силер аны референдум аркылуу кабыл алгандан кийин, анын алкагында парламенттик, президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрө аласыңар», - деди Лукашенко 17-августта. Анын билдирүүсүн «Беларус - 24» телеканалы көрсөттү.
Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет.
Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.
17-августта бир катар заводдордун жумушчулары иш ташташты.