Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» маалымат агенттиги 18-августта билдиргендей, УКМК кызмткерлери полковник Жонибек Махмадзоданы 17-август күнү кармашкан.
48 жаштагы Махмадзода агенттиктин борбордук аппаратынын Экономикалык объектилерге, инвестицияларга жана мамлекеттик карыздарга көзөмөл жүргүзүү башкармалыгында адис болуп иштеген.
Расмий маалыматта ал кайсы жерде, канча пара менен кармалганы айтылган эмес.
Жонибек Махмадзодага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.