Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө жашоочулар бийликти саясий туткундарды бошотууга чакырышты


17-августта Маңгистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында жергиликтүү жашоочулар жана активисттер борбордук аянтка топтолуп, бийликти саясий туткундарды бошотууга үндөштү.

Полициячылар аларды видеого жана сүрөткө тартып, четте байкоо салып турушту. Жергиликтүү бийлик жана прокуратура өкүлдөрү бул акция мыйзамсыз экенин билдиришти. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жергиликтүү жашоочу Алибек Бопешов маалымдады.

Алар казак президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылышып, түрмөгү саясий туткундарды, анын ичинде Ержан Елшибаев, Арон Атабек, Макс Бокаевди бошотууну талап кылышты.

– Эгер өкмөт биздин үндү укпаса, биз күн сайын чогулууну улантабыз, – деди активист Кунсулу Айтешова.

17-августта активисттер жана Ержан Елшибаевдин аялы Түркстан облусундагы түрмөнүн алдында акция өткөрүштү. Алар активисттин саламаттыгы начарлап жатканына тынчсызданышып, аны токтоосуз түрдө бошотууну сурашты.

Казакстанда сот 2019-жылы октябрда жумушсуздар кыймылынын активисти Ержен Елшибаевди беш жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапкан. Кийинчерээк укук коргоочулар Ержан Елшибаевди саясий туткундардын тизмесине кошушкан.

67жаштагы акын Арон Атабек 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

2016-жылдын апрелинде Казакстандын бир катар шаарларында жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер өткөн. Анда активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аян Атырауда кармалып, бир жылдан кийин “араздашууну тутандырган” деген негизде ар бири беш жылдан абакка кесилген. 2019-жылы Аян абактан бошонуп чыккан. Макс Бокаев мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча арыз жазуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG