Ссылки доступа

Алматыда сот активист Серикжан Билашка айыппул салды


18-августта Алматы шаарынын адистештирилген административдик соту “каттоодон өтпөгөн уюмдун ишмердүүлүгүнө катышты” деген айып менен жарандык активист Серикжан Билашка 138 900 теңге (330 доллар) айыппул салды.

Полиция кызматкеринин билдиришинче, Билаш каттоодон өтпөгөн “Нагыз Атажурт” деген уюмду түзүп, иштеп жүргөн.

Сотто Билаш бул айыптоону четке кагып, “Нагыз Атажурт” уюм эмес, кайрымдуулук менен алектенген топ экенин айты

– Аптасына бир эки-жолу арыздануучулардын арызын англис тилине которуп берчүмүн. Кээ бир кишилерге арыз жазууга көмөктөштүм. Бирок бул эмгегим үчүн эч кандай акча алган эмесмин. Өз каалоом менен иштедим. Андыктан мага тагылган айыптарды мойнума албайм, – деди ал.

"Нагыз Атажурт” өткөн жылга чейин "Ата журт ыктыярчылары” деп аталган. Билаш былтыр ”кастыкты козуткан” деген айып менен камалып, беш ай үй камаганда отурган. Сот аны 280 доллар айыпка жыгып, жети жыл бою коомдук уюмдарды жетектөөгө тыюу салган. Билаштын айтымында, уюм түзүлгөндөн бери Шинжаңда кысымга кабылган казактардан төрт миңдей арыз түшкөн. Алардын баары эл аралык укук коргоо уюмдарына, маалымат каражаттарына жөнөтүлгөн.

Серикжан Билаш – Кытайда туулуп-өсүп, бир нече жыл мурда Казакстанга кайтып келген казак.

Шинжаңда миңдеген адам “саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Алардын арасында 50 миңдей кыргыз бар экени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG