Ссылки доступа

Бостери базарында аларман аз (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- "Биз таза шайлоону жактайбыз жана үн катпай тура албайбыз!" Кыргызстандыктар менен түркмөнстандыктар беларустарды колдошту. (Настоящее время)

- Бостери базарында аларман аз. Туристтер көп каттаган Бостери айылындагы базар быйыл ээн. Андагы 900 сатуучуга ылайыкташкан орунда азыркы тапта болгону 400гө жетпеген соодагер отурат. Алардын 60 пайызын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер түзөт. Чолпон-Атадагы базарда дагы ушундай эле көрүнүш. Соодагерлер алган насыясын кантип жабабыз деп кабатыр. Жайкысын үч ай иштеп, жыл бою элин багып келген эки базардагы тиричилик тууралуу видеодон көрө аласыз.​ (видео)

- "Неберелерибизди Ирактан алып келишти, бирок бизге беришкен жок". Ирактан 84 баланын кайтарылганына бир жылдан ашты. Бирок тажик бийлиги балдардын тагдыры үчүн ким жооптуу болушу керектигин али чече элек. (видео)

- «Назарбаев, Масимов, Токаев, кет!» Алматыдагы пикет. (видео )

- Нур-Султандагы көп профилдүү стационарлардын биринде коронавирус пневмониясы менен ооруган акыркы бейтап чыгарылды. (видео)

- Анжияндын башчысы пандемияга карабай кызынын туулган күнүнө карата кечке уюштурду. (видео)

- Казакстанда жабык жайлардагы зомбулукка каршы акциялар өттү. (видео )

- Текебаев шайлоого катышпайт, "Ата Мекенди" Акаев баштайт. (видео)

- «Бир Бол» партиясы бийликке оппозиция болорун жарыялады. Бул тууралуу «Бир Болдун» мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов партиянын 17-августта өткөн кезексиз жыйынында айтты. Ал Кыргызстандагы азыркы башкаруу системасын «супер президенттик» деп баалап, парламенттик башкаруу сөз жүзүндө эле калганын сындады. Шыкмаматов алардын максаты күчтүү парламенттик системаны түптөө экенин кошумчалады. (видео)

- Сахалиндеги журтташтардын «Мурасы». Орусиянын Сахалин аймагындагы «Мурас» маданий борборунда кыргыздардын тойлору, майрамдары өтүп турат. Ошондой эле бул жерде балдар кыргыз бийлерин, салт-санааларын үйрөнүшөт. Борбордо китепкана да бар.(видео)

- Ащысайдагы өлүм. Анын 13 жыл мурдагы казактар менен чечендердин жаңжалына тиешеси барбы? (видео РК)

- "Кет!" Минскте жумушчулар Лукашенкого каршы. (видео)​

- Лукашенко Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилмейин жаңы шайлоололорду өткөрүүгө болбой турганын айтты. (Настоящее время)

- Тажикстанда жаңы окуу жылы башталды. (сүрөт баян)

- Чүй районунда “Тез жардам” жетишпейт. (видео)

- Китеп окуу маданияты жана окурмандын табити. Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кайсы жанрдагы китептер чыгат? Элдин талабы, учурдагы окурмандын табити бул каражатты сарптоодо эске алынабы? (видео)

- Укук коргоочу Беларуста журналисттер кандай шартта иштеп жатканын айтып берди. (Настоящее время)

- COVID-19дан жакындарын жоготкон үч казакстандыктын баяны. (Настоящее время)

- АКШнын мамлекеттик катчысы Майком Помпео: «Бизди Беларустагы абал өтө тынчсыздандырат». (Настоящее время)​

- Тажикстанда 46 жаштагы киши 12 жаштагы кызга үйлөндү. (видео)

- Болат Назарбаевдин мурдагы аялынын Luxury буюмдары же Малайзиядагы жаңжал кандай өнүгүүдө? (видео)

- «Биз дарыгерлерге жардам берүү үчүн келдик». Коронавирус жана Атырау ыктыярчылары. (видео)​

- Казакстанда активист "таштанды" үчүн өкүм чыккан соң, таштанды чогултуп жүрөт. (видео РК)​

- Азия 360°: Картада жок Париж. (видео)

- Рушандын тургундарына күн батареяларын белекке беришти. Тажикстанда экология тармагында иш алып барган бейөкмөт уюм Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рушан районундагы 46 үй-бүлөгө күн батареяларын белек кылды. (сүрөт баян)

- Пандемия учурундагы трансформация. Хореограф курьер болду. (видео)​

- Тажикстанда пенсия жана айлык акы кимдин эсебинен көбөйөт? (видео)

- Суициддер: Казакстанда көрсөткүч көбөйүүдө. (инфографика)

- Орусиянын COVID-19га каршы вакцинасы: эмдөө октябрда башталат. (Настоящее время)

- Ырчы санитар. Артист кантип ооруканада иштеп калды? (видео)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG