Ссылки доступа

Тажикстанда сот "Мусулман агайындарынын" 20 тарапташына өкүм чыгарды


Согди облустук соту “Мусулман агайындар” уюмуна мүчө болууга айыпталган 20 кишинин иши боюнча өкүм чыгарды.

Соттолгондордун арасында Исфара администрациясынын аткаруучу аппаратынын мурдагы жетекчиси Фирдавс Рахимзодада бар. Калгандарынын аты-жөнү айтыла элек.

Алардын ар бири 5 жылдан 7 жылга чейин соттолду. Соттолгондордун туугандары өкүмгө макул болбой, жогорку инстанцияга даттанарын билдиришти.

Судья Анварджон Абдугаффори 18-августта билдиргендей, сот өкүмү өткөн аптада чыккан. Камактагыларга карата “Экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын айтымында, бул иш тууралуу кененирээк маалымат сот өкүмү күчүнө киргенден кийин берилет.

Жыл башында Тажикстандын башкы прокурору өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөсү деген шек менен баш-аягы 113 киши кармалганын билдирген.

Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайларынын 20 окутуучусу, студенттер, ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер болгон.

Өткөн айда башкы прокурор Юсуф Рахмон “Мусулман агайындардын” мурда айтылгандар 113 эмес, 132 тарапташына байланыштуу иш Жогорку сотто каралып жатканын айткан. Алар терроризмди каржылоо, экстермисттик уюмду түзүүгө айыпталган. Прокурор дагы 72 киши эл аралык издөөдө экенин белгилеген.

Өлкөдө бул кыймылдын ишмердигине 2006-жылы тыюу салынган.

“Мусулман агайындар”- 1928-жылы Египетте түптөлгөн, исламдын суннит багытын карманган диний уюм.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG