Ссылки доступа

Тихановская ЕБны Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөдү


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановская Европа кеңешине кайрылуу жазып, ЕБ өлкөлөрүн 9-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөдү.

Англис тилиндеги видео Ютубдагы “Жашоо үчүн өлкө” каналына жарыяланды.

Тихановскаянын айтымында, 9-августтагы шайлоо адилетүү, ачык-айкын болгон эмес. Ал эми жыйынтыгы бурмаланган, өз тандоолорун коргоп чыккан беларустар ур-токмокко алынып, түрмөгө камалган. Ал жүздөгөн кишилердин жаракат алганын, кеминде экөө өлгөнүн эске салды.

"Бул дал ушул тапта Европанын борборунда болуп жатат. Мен сиздерди бурмаланган шайлоону тааныбоого чакырам. Лукашенко эл жана бүтүндөй дүйнө алдында бардык легитимдүүлүгүн жоготту”, — деп айтылат Тихановскаянын билдирүүсүндө.

Тихановская өлкөдө бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү максатында Координациялык кеңеш түзүүнү демилгелегенин, ал эл аралык байкоочулардын катышуусунда өлкөдө жаңы шайлоо жарыялай турганын билдирди.

Бүгүн Европа кеңеши Беларустагы окуяларга байланыштуу кезексиз видеосаммитин өткөрөт.

Бул арада Улуу Британия, Канада, Ирландия, Латвия, Литва, Эстония жана Европа биримдигине мүчө 27 өлкөнүн ТИМ башчылары Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG