Ссылки доступа

ЮНИСЕФ өзбек өкмөтүн мектептерди самын жана суу менен камсыздоого чакырды


ЮНИСЕФ Өзбекстан өкмөтүн жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептерде санитария жана гигиена шарттарын жакшыртууга чакырды.

Баяндамага ылайык, Өзбекстандагы мектептердин 13 пайызында колду самындап суу менен жууганга шарт жок.

Документте мектептердин 83 пайызында таза суу, 78 пайызында санитариянын базалык шарты бар экени белгиленген.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Өзбекстанда мектептердин жабылышы 8 миллион окуучунун үзгүлтүксүз окуусуна тоскоолдук жараткан.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) 13-августта жарыялаган баяндамасында дүйнөдө 820 миллион бала үчүн мектептерде колду самындап жууп турганга шарт жок экени, бул COVID-19 жана башка инфекциялык ооруларды жуктуруу ыктымалдуулугун жогорулатары айтылган.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG