Ссылки доступа

Миллиардер Усманов бөлгөн акча тез жардам кызматкерлерине толук тийген эмес (видео)


Өзбекстанда «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун медиктерге берген сый акысын толугу менен албай калышканын билдиришүүдө.

Өткөн айдын соңунда орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстандын «тез жардам» кызматкерлерине 100 миллион сумду (10 миллион доллар) бир жолу берилүүчү сый акы иретинде бөлгөн.

Усманов бөлгөн акчага мамлекеттик бюджеттен дагы ушунча сумма кошулган.

Өзбекстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, дарыгерлерге бериле турган бир жолку сый акынын көлөмү 5 миллион сум (500 доллардын тегереги), орто медициналык персоналга 4 миллион сум (400 доллардын тегереги), ал эми айдоочулар үчүн 3 миллион сумду (300 доллардын тегереги) түзгөн.

Жакында «Озодлик» радиосуна Кашкадарыя облусунун «Тез жардам» бөлүмүндө иштеген кызматкерлер видеокайрылуу жолдошуп, сый акы толук таратылбаганын билдиришти.

Алардын айтымында, айрымдар 2 миллион (200 доллар), кээ бири 1 миллион сумдан (100 доллар) гана алышкан.

Ушундай эле доомат менен Бухара облусунун «тез жардам» кызматкерлери да кайрылышты.

«Ар бир кызматкерге 150 миң сумдан (14 доллар) беришти, бул өкмөттүн токтомунда белгиленген суммадан алда канча аз. Калган акча кайда? Эмне үчүн сумманы толук төлөшкөн жок?», – деп айтылган кайрылууда.

Бухара облусунун Каракүл райондук «Тез жардам» кызматынын өкүлү бөлүнгөн акча баарына жетпей калганын, ошондуктан сумманы азайтууга туура келгенин билдирди.

Өзбекстандын дээрлик бардык аймактарында Алишер Усманов берген сый акы мурда айтылгандан алда канча аз өлчөмдө тийген.

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлеринин бири сый акы туура жана ачык-айкын бөлүнгөнүн, бардык маалымат министриктин Telegram-каналында жарыяланганын айтты.

XS
SM
MD
LG