Ссылки доступа

Өзүнө-өзү кол салган Тажикстан транспорт министринин абалы жакшырды


Тажикстан транспорт министри Худоёр Худоёрзода.
Тажикстан транспорт министри Худоёр Худоёрзода.

Тажикстан транспорт министри Худоёр Худоёрзода “Озоди” радиосуна абалы жакшырганын, бирок мурдагыдай эле дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча транспорт министри 11-августта үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өз өмүрүнө кол салган, жакындары аны сактап калышкан. "Истиклол" медициналык борборунун дарыгерлеринин бири анын ичине эки жолу бычак сайылганын айткан.

62 жаштагы Худоёр Худоёрзода өзү суицид аракети боюнча комментарий берген жок. “Ооруканадан качан чыгарышарын билбейм. Чечимди дарыгерлер кабыл алышат. Ушул тапта дарыланып жатам”, - деди ал.

Бул арада Транспорт министрлигинде иштеген кызматкерлердин бири министр ошол күнү депрессиялык абалда жүргөнүн айтып, суицид аракети анын үй-бүлөлүк же кесиптик ишмердүүлүгү менен байланышта эместигин билдирди.

Тажикстан Башкы прокуратурасы 19-августта өзүнө-өзү кол салуу аракети иликтенип жатканын гана айтты.

Худоёр Худоёрзода 2017-жылдан бери транспорт министри болуп иштейт. Ага чейин Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун мажлис депутаты, Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG