Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада пневмониядан алты киши каза болду


Казакстанда бир суткада вирустук пневмония 787 кишиден аныкталып, алтоо кайтыш болду.

Казакстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, августтун башынан бери 20 541 кишинин өпкөсү кагынып ооруган, 237 киши өлгөн. Ошол эле маалда алардын анализинен COVID-19 вирусу аныкталган эмес.

Казакстанда август айынан бери гана вирустук пневмонияга кабылгандардын атайын базасы түзүлдү. Бирок өпкөсү кагынгандар менен COVID-19дун статистикасы эки бөлөк жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын жети айында пневмониянын бардык түрлөрүн (бактериялык, вирустук, грибоктук) кошуп эсептегенде 250 миң учур катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 3,3 эсеге көп. Алардын ичинен 32 миңи июнь айында, 157 миңи июль айында аныкталган.

Марттан бери Казакстанда коронавирусту 103 миңден ашуун адам жугузган, алардын 1400дөн көбү каза болду.

XS
SM
MD
LG