Ссылки доступа

Каракалпакстанда милиция бөлүмүндө комага түшкөн киши көз жумду


Каракалпакстанда 39 жаштагы Ильхомбой Садуллаев 26-августта Төрткүл райондук милиция бөлүмүнөн ооруканага кома абалында жеткирилип, 11-августта көз жумганы белгилүү болду.

Садуллаевдин жубайы Чамангүл Гажиева күйөөсүн милиция бөлүмүнө алып кетишкенде ден соолугу чың болгонун, аны тартип сакчылары сабап, комага түшүп калганын билдирди.

Төрткүл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Ражаббоев бейтап баш-мээсинен жабык жаракат алганына байланыштуу каза болгонун айтты.

Райондук прокуратура жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштады.

Чамангүл Гажиеванын айтымында, 26-июлда күйөөсү үйгө мас абалында келип чыр салган. Кошуналары милиция чакырышкан.

– Эки сааттан кийин мени да ал жакка чакырышты. Имараттын ичине кирсем күйөөм комада жатыптыр. Башы суу экен. Согончоктору кызарып калыптыр, кийин ооруканада көгөрүп кетти. Желкесинде шишик бар экен. Милиционерлер эч нерсе кылышпаганын айтышты. “Тез жардам” чакырып, ооруканага алып кетишти, – деди ал.

19-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ильхомбой Садуллаевдин өлүмүнүн себебин Каракалпакстандын прокуратура кызматкерлеринен турган атайын топ иликтей турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG