Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада ковид типтүү пневмония 723 кишиден аныкталды, алтоо кайтыш болду


Казакстанда бир сутка ичинде вирустук пневмония 723 кишиден аныкталып, алтоо кайтыш болду.

Дагы 256 кишинин ПЧР-тестинен коронавирус табылды.

Августтун башынан бери өлкөдө ковид типтүү пневмонияга 21 264 киши чалдыгып, 243ү көз жумду.

Казакстанда август айынан бери гана вирустук пневмонияга кабылгандардын атайын базасы түзүлдү. Бирок өпкөсү кагынгандар менен COVID-19дун статистикасы эки бөлөк жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын жети айында пневмониянын бардык түрлөрүн (бактериялык, вирустук, грибоктук) кошуп эсептегенде 250 миңден көп учур катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 3,3 эсеге көп. Алардын ичинен 32 миңи июнь айында, 157 миңи июль айында аныкталган.

Марттан бери Казакстанда коронавирусту 104 миңден ашуун адам жугузган, алардын 1481и каза болгон.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG