Ссылки доступа

Тихановская беларустарды иш таштоону улантууга жана жайылтууга үндөдү


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларустагы президенттик шайлоодогу Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская 21-августта эртең менен видео кайрылуу таратып, өлкөдөгу жумушчуларды «иш таштоону улантууга жана жайылтууга» чакырды.

Шайлоонун жыйынтыгына каршы көчөгө чыгып аткандарды кубаттаган иш таштоо өткөн аптада башталып, дүйшөмбүдөн тартып күчөгөн.

«Кымбаттуу беларустарым, «Беларускалий», «МТЗ», «Гродно азот» жана башка ишканалардын жумушчулары! Силер жаңы, эркин Беларустун символусуңар. Биздин өлкөнү өзгөртө алчу жана келечегин өзгөртүп жаткан күчтүн символусуңар. Силер диктатураны чочутуп койдуңар, ал силердин кайрат-күчүңөрдүн алдыңарда коркконунан титиреп калды», деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин Александр Лукашенко күч түзүмдөрүнүн жетекчилигине митингдерди жана көчө жүрүштөрүн уюштургандарды тактап, ишмердигин токтотууну тапшырган.

20-августта МАЗ заводундагы иш таштоону уюштургандардын башында турган Евгений Бохвалов кармалган. Андан тышкары Лукашенко тарап менен сүйлөшүп, бийликти өткөрүп алуу максатында Тихановская тарабынан түзүлгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгон. Алар «бийликти басып алуу аракети» боюнча шек саналууда.

«Иш таштоо – режимге каршы эң мыйзамдуу жана кубаттуу курал. Алар муну билет жана ошон үчүн силерди коркутууда», - дейт Тихановская.

Иш таштагандарды колдоо максатында өлкө ичиндеги жана чет мамлекеттердеги беларустар өз ара чогулууда.

БШК 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Жыйынтыкка ишенбеген беларустуктар 13-күн катары менен нааразылык акцияларын улантып, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG