Ссылки доступа

Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты


«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ырастады.

Маалыматка караганда, Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулун бошотуу тууралуу 19-августта чечим чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Жогорку сот мурдагы депутатка карата чыккан өкүм тууралуу маалымат бере элек.

Асылбек уулунун айрым партиялаштары анын түрмөдөн чыкканы тууралуу укканын, бирок өзү менен байланышпаганын айтышты.

Кыргызстандын Жогорку соту былтыр Дамирбек Асылбек уулун Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт деп чечилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга былтыр 18-ноябрда экстрадицияланган.

Экс-депутатка Казакстанда «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

2018-жылы февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалып, алар да түрмөгө кесилген.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 2018-жылдын 16-апрелинде ажыраткан.

Ал «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу.

XS
SM
MD
LG