Ал бул маалыматты республикачылардын жыйынын утурлай жарыялады. 24-августта баштала турган жыйында Трамп ноябрда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары расмий көрсөтүлөт.
Коронавирус АКШда 175 миңден көп адамдын өмүрүн алып, экономиканы кризиске алып келди. Ушундан улам Трамп ар кандай сынга көп кабылууда.
Адистердин айтымында ооруп айыккандардын плазмасы башкаларды өлүмдөн сактап калышы мүмкүн. Бирок анын чыныгы натыйжалуулугу далилдене элек.