Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициялык партия президенттик шайлоого бойкот жарыялашы мүмкүн


Тажикстандагы социал-демократтардын лидери Рахматилло Зойиров партиянын аймактык бөлүмдөрү 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер көрсөтүүгө каршы болуп жатышканын билдирди.

«Партиянын эки облустук, 15 шаардык жана райондук бөлүмдөрү президенттик шайлоого катышууга каршы экенин айтышты. Сегиз бөлүмү шайлоону мыйзамсыз деп таап, ага бойкот жарыялоону талап кылышты», — деди Зойиров.

Анын айтымында, шайлоого талапкер көрсөтүү-көрсөтпөө боюнча акыркы чечимди партиянын саясий кеңеши августтун аягында кабыл алат.

1999-жылы негизделген Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын өлкө боюнча 12 миңден ашык мүчөсү бар. Ал Тажикстандагы жалгыз оппозициялык партия болуп эсептелет.

Зойиров партиянын айрым райондук жана шаардык бөлүмдөрү «шайлоодо президенттин уулу Рустам Эмомалинин талапкерлиги көрсөтүлсө, өлкөдө жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн» деп кооптонуп жатышканын кошумчалады.

«Нааразы болгон карапайым жарандар менен оппозиция өкүлдөрүнөн тышкары азыркы мамлекеттик аппараттын жарымынан көбү да Рустам Эмомалинин талапкерлигине каршы болот», — деди Зойиров.

33 жаштагы Рустам Эмомали - Душанбе шаарынын мэри жана тажик парламентинин төрагасы. Айрым серепчилер аны өлкө башчы Эмомали Рахмондун мураскери болушу мүмкүн деген божомолдорду айтып келишет.

Президент Эмомали Рахмон жетектеген Тажикстандын элдик демократиялык партиясы азырынча шайлоого өз талапкерин көрсөтө элек.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 11-октябрда өтөт. Мыйзамга ылайык, президенттик кызматка саясий партиялар, облустардын, шаарлардын жана райондордун кесиптик кошуундары да өз талапкерлерин көрсөтө алышат.

XS
SM
MD
LG