Расмий маалыматта быйыл июнь айында Дональд Трамптын администрациясы гуманитардык жардам берүүнү жарыялаганы, аппараттар дал ошол убаданын алкагында жөнөтүлгөнү белгиленген.
Америкалык Zoll Medical Corporation компаниясы аппараттарды Өзбекстан ооруканаларынын техникалык инфраструктураларын эске алуу менен чыгарган.
Өпкөнү жасалма жол менен желдетүүчү аппараттар Өзбекстандын бардык аймактарына, тактап айтканда 62 ооруканга таратылат.