Токтомдо эл каттоого юридикалык жана физикалык жактарды тартуу жана алардын кызмат акысын төлөө маселеси камтылган. Катачылыктарга жол берөө үчүн бийлик 2021-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 1-декабрына чейин административдик-аймактык түзүмдү жана объектилердин аттарын өзгөртүүгө тыюу салды.
Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин сайтында Өзбекстан дүйнөлүк рынокто атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну каалай турганы, өлкөдөгү адам дараметин билбей туруп бул максатка жетүү мүмкүн эмес экени айтылган.
“Биздин максат – колдо бар ресурстарды максималдуу түрдө колдонуу. Бул үчүн биз калктын курамын, экономикалык активдүүлүгүн, билим деңгээлин жана миграциялык процесстерди билишибиз керек”,– деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстанда эгемендүүлүктөн бери расмий түрдө эл каттоо жүргүзүлгөн эмес. Акыркы жолку каттоо 1989-жылы болгон.