Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициялык партиянын лидери президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди


Рахматилло Зойиров
Рахматилло Зойиров

Тажикстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Рахматилло Зойиров президенттике талапкерлигин койбой турганын, партиянын саясий кеңеши шайлоого бойкот жарыялайт деп үмүттөнөрүн билдирди.

Тажикстан Социал-демократиялык партиясынын лидери жарыялаган билдирүүдө Тажикстан президентин шайлоо жөнүндөгү мыйзам Конституцияга шайкеш келбей турганы айтылган.

Рахматилло Зойиров мындан тышкары кол чогултуу механизми өтө татаалдаштырылганын жана 250 миң кишинин (шайлоочулардын 5 пайызы ) колун топтоо мүмкүн эмес экенин белгилеген.

«Мен, Тажикстандын жараны жана ТСДПнын мүчөсү катары азыркы мыйзамсыз, антиконституциялык жана элге каршы президенттик шайлоону камсыздоого катышпайм», - деп билдирген Рахматилло Зойиров.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Талдоочулар бийликтеги партиядан шайлоого өлкөнү 28 жылдан бери жетектеп келаткан азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмон же анын уулу, Дүйшөмбүнүн мэри Рустам аттанары белгисиз деп эсептешет.

Өлкө эгемендик алгандан бери бир да шайлоо Батыш институттары жана ЕККУ тарабынан эч качан эркин жана демократиялык деп таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG