Маалыматка караганда, 24-августта 28 жаштагы келин күйөөсү менен урушуп кетип, жини менен Чирчиктеги Бузсув каналына боюн таштаган.
Окуяга күбө болгондор дароо Чирчик шаардык өзгөчө кырдаалар башкармалыгына кайрылышкан.
Куткаруучулар окуя болгон жерге келип, аялды куткарышып, фельдшерлер алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ушул тапта келиндин абалы канааттандырарлык.