Ага ылайык, 1-январдан тарып:
- 37 лицензия жана уруксат берүү документи;
- бириктирүү аркылуу 16 лицензия жана 11 уруксат берүү документи;
- кабарлоо тартибин киргизүү менен 17 лицензия жана 14 уруксат берүү документи жокко чыгарылат;
- лицензиялык ишмердүүлүктүн 14 түрү менен уруксат берүүчү документтерди жөндөө мөөнөтү дээрлик эки эсеге кыскартылат;
- 115 лицензияны жана уруксат берүү документтерин алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт;
Ошондой эле насыя бюролорун лицензиялоодо кеминде 10 коммерциялык банк менен насыя маалыматтарын алмашууга макул экенин ырастай турган документтер жокко чыгарылат.
Мындан тышкары 1-январдан тартып туристтик ишмердүүлүктү лицензиялоо боюнча туроператорлор кызматынын тастыктамасы ыктыярдуу болуп калат.