7-августта Анварзодага таандык Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа Душанбеде «КамАЗ» менен сүзүшкөн. Кырсыктан ырчы Гафури каза болуп, унааны айдап бараткан Анварзода менен дагы бир жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген.
Прокурордун мурдагы орун басарына каршы кылмыш иши «Жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча козголду. Ага ылайык, күнөөлүү деп табылган адам беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, он жыл белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынат.
Дарыгерлердин айтымында, жол кырсыгынан кийин комада жаткан Анварзода бир нече күн мурда өзүнө келди. «Анын сол колу жана оң буту сынган. Азыр абалы туруктуу болгону менен толук айыгып кетүүсү үчүн убакыт талап кылынат», — деди дарыгер.