Полиция аймакты курчоого алып, өрт өчүрүүчүлөр жана сапёрлор келди.
17:00гө карата жардыруучу затты издөө иштери аяктап, имараттын ичинен бомба табылбаганы белгилүү болду.
Бул акыркы бир айдын ичинде Семейде бомба тууралуу үчүнчү анонимдүү телефон чалуу. 9-августта шаардагы соода борборлордун бирине жана турак-үйгө бомба коюлгандыгы тууралуу кабар болгон. Анда 200дөн ашык киши эвакуацияланып, бирок жардыруучу зат табылган эмес. Полиция бул жөнүндө кабар берген адам аныкталган-аныкталбагандыгы боюнча маалымат бере элек.
Казакстанда терроризм актысы тууралуу жалган маалымат үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 33 миң долларга жакын өлчөмдө айып пул салуу жазасы каралган.