Ссылки доступа

Мирзиёев камактагы 113 кишиге ырайым берди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 113 камактагы адамга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ырайым ала тургандардын арасында диний жана саясий негиздер менен камалган төрт киши бар. Алар: «Ваххабизм» агымына тиешеси бар деп айыпталган Ташкенттеги Рухиддин Фахриддинов мечитинин мурдагы имамы, «Салафизм» агымынын жактоочусу деген шек менен кармалган Искандар Худойберганов, Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө кол салууга айыпталган жаш окумуштуу-изилдөөчү Акром Маликов жана Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун мурдагы кызматкери Рустам Абдуманнопов. Булардын бардыгы тең мунапыс менен мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты.

Президенттин жарлыгына ылайык, мунапыска илинген 5 киши негизги жазасынан толугу менен бошотулса, 53 адам жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулат. Мындан тышкары 15 кишинин жазасы жеңилдетилип, 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскарат.

XS
SM
MD
LG