Ссылки доступа

Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Беларуска чартердик каттам аткарат


Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы 30-августта Душанбе-Минск-Душанбе багыты боюнча чартердик каттам аткарат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, чартердик каттам Беларуста жана Украинада билим алган тажикстандык студенттерди, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Минск шаарына жеткирүүгө багытталган.

«Буга байланыштуу министрлик Беларуска жана Украинага бара турган тажикстандык студенттерди бул өлкөлөрдөгү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алууга чакырат. Тажикстандын Беларустагы жана Украинадагы элчиликтери студенттерди Минсктен Киевге жана башка украин шаарларына жеткирүүгө көмөктөшүүгө даяр», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жарандар Душанбе-Минск каттамы үчүн билеттерди «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын кеңселеринен сатып алышса болот.

XS
SM
MD
LG