Ссылки доступа

Тажикстан бийлиги: коронавирусту аныктоочу тесттер жетиштүү


Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги БУУнун эксперттеринин өлкөдө COVID-19ду аныктоочу материалдар жана тесттер жетисиз деген билдирүүсүн четке какты.

БУУнун өткөн айда жарыялаган баяндамасында эки негизги компоненттин жоктугуна байланыштуу Тажикстандагы лабораториялар ишин токтотушу ыктымал экени айтылган.

Тажикстандын Санитардык-эпидемиологиялык станциясына караштуу лабораториянын директору Илхом Ятимов COVID-19дун тесттери жана коронавирусту аныктоочу материалдар жетиштүү көлөмдө бар экенин билдирди. Анын айтымында, Душанбеде эле эмес, Хожент, Хорог, Куляб жана Бохтар шаарларындагы лабораториялар дагы тест алып жатат.

"Ушул тапта 110 миң тест бар. Дүйшөмбүдө дагы 60 миң алабыз. Сентябрда Орусиядан Тажикстанга кошумча 110 миң тест келет. Биз диагностика үчүн да керектүү материалдарды алып жатабыз", -деди Илхом Ятимов.

Тажикстан бийлиги коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар азайганын ырастоодо. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиинин маалыматына караганда, ушул тапта суткасына 30-40 киши вирус жуктуруп алууда. Бир ай мурун бул көрсөткүч 50дөн жогору болчу.

Расмий статистика боюнча 29-августка карата 8516 киши вирус жуктуруп алган, анын ичинен дээрик 86% айыкты, 68 адам көз жумду.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG