Расмий статистика боюнча ПЧР тестинен коронавирус аныкталган дагы 9 киши көз жумду. Бир суткада 126 бейтаптан вирус табылды. Март айынан бери өлкөдө дал ушул диагноз менен 1 581 адам өлдү.
Казакстан бийлиги 2-августтан бери гана пневмонияга кабылгандар тууралуу ырааттуу маалымат берип, тизмесин түзүүдө. Бирок вирустун айынан өпкөсү кагынгандар менен коронавирус жуктургандардын эсебин эки башка жүргүзүүдө. Август айында жалпысынан 25 658 кишиден пневмония аныкталды, алардын ичинен 284ү көз жумду, 5 549у айыкты.