Ссылки доступа

Беларуста Лукашенкого каршы жапырт нааразылык акциялары өттү (видео)


30-августта Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарларда авторитардык лидер Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып он миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты.

Баш калаанын Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти.

Десятки тысяч людей на улицах Минска, в город входит бронетехника
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип, Минск полициясы журналисттерге акциянын катышуучуларынан 100 метр алыс болууну сунуш кылды.

29-августта беларус баш калаасынын борборуна 10 миңдей киши, негизинен аялдар жүрүшкө чыкты. Алар «Саша, кызматтан бошотулдуң!» - деп ураан чакырып жатышты.

Ал күнү Минскиде жана өлкөнүн башка аймактарында отуздай киши кармалды.

Беларуста толкундоолордун башталганына 22 күн болду. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдер маалында кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин отставкасын талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG