Ссылки доступа

Тажикстанда өз өмүрүнө кол салган министр жумуштан алынды


Худоёр Худоёрзода
Худоёр Худоёрзода

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода ээлеген кызматынан бошотулду. Президент 31-августта кол койгон жарлыкта аткаминер пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан алынганы жазылган.

Президенттин башка жарлыгы менен Транспорт министрлигинин башчылыгына Азим Иброхимов дайындалды. Ал буга чейин вице-премьер кызматында иштеп келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода 11-августта үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өз өмүрүнө кол салып, аны жакындары сактап калышкан. "Истиклол" медициналык борборунун дарыгерлеринин бири анын ичине эки жолу бычак сайылганын айткан.

19-августта Худоёрзода «Озоди» радиосуна суицид аракети боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. «Ооруканадан качан чыгарышарын билбейм. Чечимди дарыгерлер кабыл алат. Ушул тапта дарыланып жатам», - деген ал.

Худоёр Худоёрзода Транспорт министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун мажлис депутаты, Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG