Ссылки доступа

Өзбекстанда жаш үй-бүлөлөргө ипотека берүү шарттары өзгөрдү


27-августта Өзбекстандын министрлер кабинети «Өлкөнүн коомдук жашоосуна активдүү катышып жаткан жаш үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылууну жакшыртуу чаралары тууралуу» токтом кабыл алды.

Документке ылайык, эми насыялар жаштарга айылдарда жана шаарларда курулган үйлөрдү сатып алуу үчүн 20 жылдык мөөнөткө бериле баштайт. Буга чейин айылдагы үйлөр үчүн бул мөөнөт 15 жылды түзүп келген.

Мындан тышкары бул насыялардын алгачкы беш жылдын ичиндеги жылдык пайыздык чен 7% түзөт. Беш жылдан кийин пайыздык чен өлкөнүн Борбордук банкы белгилеген кайра каржылоо ченинин деңгээлине чейин жогорулайт.

Министрлер кабинетинин токтомунда 2018-2020-жылдары өлкөнүн коомдук жашоосуна активүү катышып жаткан жаш үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыздоо үчүн 2116 үй куруу пландалганы жазылган. Бүгүнкү күнгө карата 350 үй пайдаланууга берилди. Жаштар 296 үйдөн баш тартса, дагы 556 үйдүн курулушу баштала элек.

XS
SM
MD
LG